ПЛАН
Туулган жылы
Иштеген иши
Чыгармалары
Сыйлыктары
Колдонулган адабияттар
Слайд 3 Туулган жылы
Эсенгул
Ибрав сатириктеринин бири, журналист, публицист, Кыргыз Республикасынын эл акыны Нарын облусуна караштуу Чет-Нура кыштагында 1933-жылы 16-мартта туулган.
1951-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистка факультетин аяктаган.Андан кийин 1952-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.
Слайд 4 Иштеген иши
1961–1987-жж. республикалык саясий сатиралык «Чалкан»
журналында адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары, башкы редактор болуп иштеген.
1962-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын мүчөсү, Нарын «Ынтымак» коомунун президенти болгон.
Слайд 5 Чыгармалары
Ырлары, сатиралары 1952-жылдан баштап жарыялана
баштаган. «Бөбөгүм» аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1964-ж. жарык көргөн. Андан бери «Таң шоокуму» (1968), «Закымдар» (1979), «Эңсөө» (1981), «Белес» (1984), «Мөмөлүү дарак» (1985), «Дабан» (1994) ж. б. 20дан ашык ыр китептери чыккан. 1994-ж. Ибраев Эсенгул кыргыз окурмандарына мыкты сатирик катары таанымал. Акындын «Таң шоокуму” жыйнагында «Качып кетиптир”, «Балпык”, «Эчак толтурмак экен”, «Иттигим бар”, «Антерин го антемин”, «Чала ошого чала”, «Профессор болмок” ж. б. сатиралык ырлары кирип көбүнчө бул ырларда турмуштук социалдык темага кайрылып, негизги идеясы көралбастыкка, ичкиликке же Райкандын тили м-н айтканда «жинди сууга” каршы күрөшүү болгон. 1970-ж «Ичиң күйсө” деген ат м-н акындын кезектеги сатиралык ырлар, 15 тамсил, 18 эпиграмма кирген.
Слайд 6 Чыгармалары
Бөбөгүм: Ырлар. – Ф.:
Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 28 б.
Кичинекей манасчы: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1966. – 48 б.
Ленин жүрөктө: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1966. – 48 б.
Тай күлүк. Ф.: Мектеп, 1967. – 23 б.
Таң шоокуму: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 102 б.
Ичиң күйсө...: Сатиралар, тамсилдер, эпиграммалар, арноолор. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 100 б.
Мекеним менин жүрөктө. – Ф.: Мектеп. 1970.
Карабай. – Ф.: Мектеп, 1971. – 18 б.
Биз – аталар мурасы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 77 б.
Биз-аталар мурасы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 107 б.
Шаркыратма: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 37 б.
Турмуш агымдары: Ырлар, сатиралар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 107 б.
Закымдар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 160 б.
Сур улак: Поэма-жомок. – Ф.: Мектеп, 1980. – 17 б.
Эңсөө: Ырлар жана сатиралар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 100 б.
Слайд 7 Сыйлыктары
Кыргыз ССР Жогорку
Советинин Грамотасы, Ардак грамоталары менен сыйланган.
1999-жылы Ата Түрк маданий борбору менен Ата Түрк Илим жана тарых боюнча кеңешинин ардактуу академиги,
1999-жылы Автордук укук-ту коргоо боюнча Швейцариялык «Суисанын» мүчөсү болгон.
1994-жылы «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер»,
2001-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» наамы берилген.
2002-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын лауреаты болгон.
2006-жылы «Насыят» китебине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылган.
Слайд 8 Колдонулган адабияттар
Кыргыз адабияты энциклопедиясынан алынды.
Жана
дагы төмөндөгү сайттан алынды.
https://ky.wikipedia.org