Слайд 1Касым Тыныстанов
Долбоордун темасы:
Слайд 2Кысым Тыныстановдун басып өткөн жолу жана ийгиликтери
менен таанышуу.
Анын аткарган иштерине таасирленүү жана тарбия алуу.
Долбоордун максаты:
Слайд 3Касым ага , Кыргызстандын Ысык-Көл өрөөнүндөгү Чырпыкты кыштагында туулган. Ата-энеси
жонундо маалымат жок. Ал (1909-1916) мусулман жана орус-жергиликтүү калк мектебинде окуган.
1916-жылы улуттук көтөрүлүштөн кийинки Улуу Үркүн маалында Кытайга качып кеткен. Ал жакта кандай жашаандыгы тууралуу так маалыматтар жок,3 жылдан кийин кайра оз мекенине кайтып келген.
1919-1924-жылдары Ташкенде Казак-кыргыз агартуу институтунда таалим алган.
Студент кезинде эле кыргыз тилинде "Окуу китеп" (1924) жазган.
1925-жылы "Эркин-Тоо" гезитинин редактору болгон.
1926-1937-жылдардагы эмгектери менен кыргыз тил илиминин илимий пайдубалын курган.
1936-жылы кыргыздын ичинен алгачкы болуп профессор наамын алган.
Тыныстанов 1937-жылы жазыксыз жерден камакка алынып, 1938-жылы атылган.
1958- жана 1988-жылдары эки жолу акталган, бирок Советтер Биримдиги кулаганга чейин анын чыгармалары кайра жарыяланган эмес.
Тыныстановдун ысымы Каракол шаарында 1992-жылы педагогикалык институттан кайра университет болуп түзүлгөн Ысык-Көл мамлекеттик университетине ыйгарылган.
Кыскача өмүр баяны
Слайд 4Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда касиеттүү Ысык-Көлдүн кылаасындагы Чырпыкты кыштагында кедей үй-бүлөсүндө туулган.
Слайд 5Атасы Тыныстан араб тамгасында анчамынча окуп катсабаты жоюлган адам болгондуктан Касым
жети жашка чыкканча эле ага араб тамгасында окуужазууну үйрөтүп койгон. Андан кийин Касым Байсорун кыштагындагы (азыркы Ананьево) сарт мектебинде үч-төрт жыл окуйт да, 1912-жылы Касымды атасы Тыныстан Каракол шаарындагы орус тузем мектебине орноштурат.
Слайд 6Арт жагымды карасам,
Агарып көлүм көрүнөт.
Ысык-Көл сени самасам,
Акылым санга бөлүнөт.
Алда бир орус
төрөм ай!
Мен качан Ысык-Көлдү көрөм ай!
Слайд 7Баратке мыйзам билбеген
Айла барбы кытайга,
Кыздарды сатып нан жедик,
Жарты путтан буудайга.
Алда бир
орус төрөм ай!
Мен Ысык-Көлдү качан көрөм ай!
— деп, туулуп-өскөн Ата-Мекенин сагынып, зар какшап ыйлаган кыргыз элинин ушундай зарлуу ырлары менен Касым ал кезде сөзсүз кабардар болгон.
Слайд 81916-жылга чейин Касым ал мектептин үчүнчү классын орус тилинде бүтүрөт. Касым да 1916-жылдагы
үрккөн эл менен бирге Кытай жерине качып барып, ачтан өлүп, суукка тоңуп кыйналып, зар какшап ыйлаган кыргыздардын арасында болуп, алардын муңдуу ыйын укту.
Слайд 91918-жыл. Ак падыша тагынан кулап, көлдө жаңы турмуш орноптур деген кабарды
угуп, Касым ошол эле жылы качкын кыргыздар менен бирге Көлгө кайтып келет. Көл башындагы таякелеринде — Тепкеде бир жылы туруп калып, 1919-жылдын жазында таякелеринин буурусун сокосун кармайт.
Слайд 10Колумда дөөлөтүм жок, жонум жука,
Быйыл жаз соко айдадым сонундукка.
Арам өлгөн ит
унаа баспай койду,
Куулугу чакадан чоң күрөң бука,
— деп, өгүздүн башын кармаган жигитти тамашалайт. Касым эл ичиндеги кыз оюндарына үзбөй барып турат.
Слайд 11Карарып көзүң моймолжуп,
Калыпка тартып койгонсуп.
Кайгыны башка не салдың?
Караңгы түндө ойготуп.
Сүзүлгөн көзүң
моймолжуп,
Сүрөткө тартып койгонсуп.
Түйшүктү башка не салдың,
Түндө үч убак ойготуп.
Эки бетиң албырып,
Алманын кызыл гүлүңдөй.
Самсаалаган саамайың
Тоту куштун жүнүндөй,
— деп сүйүү жөнүндө ырларды жаратат.
Слайд 121919-жылы Каракол уездинде милициянын уездик начальниги болуп турган Садыбакас Ысмайылов деген
таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип, андагы казак-кыргыз институтуна кирет. Ошондо он сегиз жашта эле.
Слайд 13Сулк жатууга жүрөк жанып койбой тур,
Бура кысып заман чиркин болбой тур.
Жаш
да жетти, иш да жетти иштөөгө,
Көз коркунчак, көөдөн — тайыз оңбой тур.
Слайд 14Түпкү максат чын чыгарын билемин,
Ишенемин, кат- кат касам беремин.
Мезгил жетип, кулач
урбай мухитке,
Он сегиз жаш бекер өттүң күйөмүн!!
— деп, окуу окубай он сегиз жаштын талаага кеткенине кайгырат, бирок он сегиз жашы текке кетсе да, акыры түбү илимдин туу жонуна чыгарына таланттуу улан бекем ишенет, ал үчүн өзүнө өзү ант берип, кат-кат касам ичет.
Слайд 151919-жылдан баштап, Касым ошол кезде Ташкент жана Алма-Ата шаарында казак тилинде
чыгып турган «Ак жол», «Учкун», «Тилши», «Өрүш» аттуу газеталарга казак тилинде ырлар жазып, ал ырларынын кээ бирөөлөрүнөн аягына «Кыт» деген лакап ат менен кол коюп турган.
Слайд 16Кайдасың кең Ысык-Көл тууган жерим!
Киндигим кесип, кирим жууган жерим!
Көргөн жан саулетиңди
сагынады,
Жайкалган сен Каракол — алтын кеним!
Бармысын Түп, Жыргалаң эки өзөн суу
Үстүңө каздар конуп салган кыйкуу.
Жайылган соодагердин койлорундай
Көл бетин бермеуши эди үйрекпен, куу».
Касымдын алгачкы ырларында туулуп-өскөн Ысык-Көлдү сагынуу мотиви өтө күчтүү болгон:
Слайд 17Касым бул ырын ошол кездеги казак элинин атактуу акыны Магжан Жумабаевдин
өз жери жөнүндө жазган ырына таасирленип жазат, анткени, ошондо Магжан Жумабаев институттун Касым окутан группасына адабияттан лекция окучу экен.
Слайд 18Жалпы эле Касымдын казак тилинде жазган алгачкы ырларына Магжан Жумабаевдин лирикалык
ырларынын таасири күчтүү болгон.
Касым Ташкенттеги казак-кыргыз Эл Агартуу институтунда казак тилинде окугандыктан, 1920-1921-жылдарда алгачкы он эки ырын казак тилинде жазган.
1922-1924-жылдардын аралыгында жазган он сегиз ыры менен «Жаңыл Мырза» аттуу поэмасын кыргыз тилинде жазган.
Слайд 19Касымдын 1920-жылдан 1924-жылга чейинки казакча жана кыргызча жазган отуз ыры менен
«Жаңыл Мырза» аттуу поэмасы 1925-жылы Москва шаарындагы СССРдин элдеринин Борбордук басмаканасынан «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен басылып чыккан. Ал отуз ырынын бирөө И. Крыловдун «Ийнелик менен кумурска» аттуу тамсилинин кыргызча котормосу болгон.
Слайд 20Мен аманмын барамын,
Мүнөзү бар балаңын.
Кашкайып чыкпай караансыз,
Колуңду кантип аламын.
Эң биринчи саламым,
Сага
арнап жазганым, —
Жакшы саатта күтүп ал,
Бул белегим Ала-Тоо!
1922-жылы энесине арнап, «Ала-Тоо» деп ат коюп, кыргыз тилинде биринчи жазган ырында:
Слайд 21Касым Ташкенттеги Казак -Кыргыз Эл агартуу институтунун акыркы курстарында окуп жүргөн
кезинде эле илимий ишке ат салыша баштап, казак, кыргыз илимий комиссиясынын мүчөсү болуп, анын ишине активдүү катышат.
Касым ошол кезде Ташкент шаарында казак-кыргыз тилинде чыгып турган «Чолпон» жана «Жаш кайрат» аттуу журналдардын да редколлегиясынын мүчөсү болот. «Жаш кайрат» журналынын 1924-жылдагы, январь, февраль, март, апрель айларындагы 1-2-3-4-номурларына Касым «Мариям менен көл боюнда» аттуу өзүнүн туңгуч аңгемесин жарыялап, ага «Келгин» деген лакап ат менен кол коёт.
Слайд 22Түркстан Республикасынын Советинин XII съезди 1924-жылы январда Эл Агартуу Комиссариатынын доклады
боюнча төмөндөгүдөй чечим кабыл алат:
«Советтик окуу китеби жана адабияты таптакыр жок элдер кара кыргыздар жана таранчылар үчүн окуу китептерин жана окуу куралдарын ошол элдин тилинде басып чыгарууга киришилсин.»
Слайд 23Касым Тыныстанов 1925-жылдын август, сентябрь айларында «Эркин Тоо» газетасына редактор болот. Ошол
эле жылы күзүндө областтык эл агартуу бөлүмүнүн илимий комиссиясынын башчылыгына дайындалат, Кыргыз автономиялуу республикасы уюшулган күндөн баштап, ал Кыргыз республикасынын эл агартуу комиссары болот.
Слайд 24Ушул токтомдун негизинде кыргыздын башталгыч мектептеринин окуу куралына арнап Касым туңгуч
окуу китебин «Эне тилин» жазат.Касым ал китебине жазган баш сөзүндө мындай дейт: «Бул китепти жаш балдар үчүн арнап жазган болдук. Жаш балага арнап китеп жазуу үчүн көп устаттык, көп-көп тажырыйбалар керек. Жаш баланын жанына ылайыктоо үчүн кыйын-кыйын шарттарды өтөө керек. Ал шарттардын баарын орундаттык деп айта албайбыз. Бизде тажрыйба жок. Экинчиден, бизде мурунтан жолго коюлган адабият жок. Канчалык калк адабиятына байбыз десек да алар иштелбеген. Балдарга эптүүсүн табуу кыйын болду жана бизде акындарыбыздын сөздөрү иретке салынбагандыктан, сулуулары табылбады.
Слайд 25Үчүнчүдөн, бул китептин ашыккандык менен жазылгандыгы. Өзүбүздүн чабалдыгыбызды айтып отурсак да,
бул китепти бир ай ичинде даяр кылдык. «Баарын айт да, бирин айт»- дегендей, бул китеп билим кыскандыктан эмес, зарылдык кыскандыгынан жазылып олтурат. Айтор «Жоктон бар артык» — дегенди эске алып, куру алакан отурган мектебибизди соорото туралы дедик. «Көч жүрө-жүрө түзөлөт» — деген. Биз дагы жүрө-сүрө китеп куралдарыбызды дурустап кетебиз. Ар бир жолдош «Ат болгончо аяк улоо» — дегенди эске тутса болгону».
Слайд 26Бул кириш сөзүндө Касым китебин жупуну гана китеп катарында көрсөткөнү менен,
ичинде жаш балдардын жан дүйнөсүнө ылайыктуу кыска-кыска тамсилдер, таалим-тарбия берүүчү кызыктуу аңгемелери, кооз ырлар бар эң сонун түзүлгөн китеп эле.Бир кезде кыргыздын илимпоз адабиятчылары Совет мезгилинде кыргыз тилинде биринчи аңгемени кайсы жазуучу жазгандыгы жөнүндө талкуулашып, «Ажар» аттуу аңгемени 1926-жылы Касымалы Баялинов биринчи жазган деп келген болучу. Ал эми Кыргыз тилиндеги туңгуч аңгемелерди Касым Тыныстанов жазып, өзүнүн 1924-жылда Ташкент шаарында бастырып чыгарган окуу китебинде жарыялаган.
Слайд 271928-жылдын май айында «Жаңы маданият жолунда» аттуу журналдын биринчи саны жарык
көрөт. Журналдын жооптуу редактору Касым Тыныстанов болот. Касым өз жанын аябай иштеген илимпоз эле. Менин оюмча бир суткада 24 саат болсо, ошонун 18-саатын эмгектенүү менен өткөзчү.
Слайд 28Касым Тыныстанов 1930—31-жылдарда иштеп жүрүп Кыргыз драма театрына бир аз мезгил директор
да болуп калат. Манасты орус тилине которуп чыгаруунун демилгечиси да Касым болгон. Манастын чоң казатын орусча чыгаруу үчүн анын тексттерин 5 киши (Касым, Карасай, Узакбай Абдукаимов, Саманчин Тазабектер) сапмасап котормосун иштешет. Ал котормону көркөмдүк жагынан кооздоп иштеп чыгыш үчүн Касым Москвадан үч котормочу (С. Липкин, Тарловский, Пенковскийлерди) чакырат. Ал китеп кийин 1946-жылда басылып чыгат.
Слайд 29Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып,кыргыз тилинде тунгуч окуу китептерин(“Окуу
китеби”,1924;”Чоңдор үчүн алиппе”,1926),кыргыз тилинин тунгуч грамматикасын(“Биздин тил”,1927;1927-жылы латын графикасында”Эне тилибиз” деген окуу китебин жазган.
”Кыргыз тилинин [[]]морфологиясы”,1934;”Кыргыз тилинин синтаксиси”,1936) тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.
1925-жылы Москвадан “Касымдын ырлары” деген ат менен ырлар жыйнагы жарык көрөт.
Ал “Интернационалды”, И.Крыловдун тамсилдерин которгон.
Анын “Академиялык кечелер” пьесасына, айрым эмгектерине курулай доомат коюлуп, бай-манапчыл, буржуазиячыл, улутчул деп ак жеринен күнөөлөнгөн.
Эмгектеринин тизмеси
Слайд 30Касым Тыныстанов кыргыз элинин тунгуч жазуучусу, тунгуч эл комиссары, кыргыз тилинин
грамматикасын негиздеген профессор жана кыргыз маданиятынын, адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир эткен мамлекеттик ишмер эле.
Келечекте биз дагы ушул улуу инсан кылган иштердин канча бир пайызын аткарууга умтулабыз.
Жыйынтык
Слайд 319-В классынын окуучулары
Долбоордун үстүндө иштегендер:
Слайд 32Кадырова Улана Кашкарбековна
Долбоордун жетекчиси: