Презентация, доклад на тему Алыку Осмонов

Улуу акын Алыкул Осмонов ти­рүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак. 35инде мезгилсиз дүйнө салган калемгер дагы жашай түшкөндө эмне деген керемет чыгармаларын

Слайд 18 – «Г» класс

Алыкул Осмонов

8 – «Г» классАлыкул  Осмонов

Слайд 2 Улуу акын

Алыкул Осмонов ти­рүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак. 35инде мезгилсиз дүйнө салган калемгер дагы жашай түшкөндө эмне деген керемет чыгармаларын берер эле деп өкүнүч ойго кабыласың. Оору бир жактан, эпке келбеген үй-бү­лөчүлүк турмушу экинчи тараптан мазесин алып, сүзмөдөй эзилген акындын азаптуу тагдыры жүрө­гүңдү оорутат.

Улуу акын Алыкул Осмонов ти­рүү болгондо быйыл 100

Слайд 3 Жазган негизги темасы - өмүр

жана өлүм, мезгилдин учкулдугу, жашоонун кыскалыгы, турмуштун түпсүздүгү, сүйүүнүн ыйыктыгы, анын ачуу даамы, мааниси болду.
Жазган негизги темасы - өмүр жана өлүм, мезгилдин учкулдугу, жашоонун кыскалыгы,

Слайд 4 Албетте, дүйнө айдыңынан алганда

көзү тирүүсүндө эле «классик» аталып, өздөрүнө өлбө-өчпөс эстелик калтырып кеткен талант ээлери аз эмес. Акындары, жазуучулары, сүрөтчүлөрү, музыканттары, башкалары да бар. Атак-даңктын сересине ар киши ар башка жол, ар башка тагдыр менен келген. Өз шедеврлерине каны-жанын, жүрөк-жүлүнүн, бүткүл талант дараметин берип кайталангыс кереметин жаратышкан.

Албетте, дүйнө айдыңынан алганда көзү тирүүсүндө эле «классик» аталып, өздөрүнө

Слайд 5Бул жагдайдан алганда Алыкул Осмоновдун жолу татаал да, оор да болду

десек болот.

Кенедейинде жетим калып, ар кимдин ирегесинде жүрдү. Жарытылуу кийимге, курсагы тоё тамакка жетпей, суукта калган күндөрүндө кургак учук оорусу жабышты. Токмоктогу балдар үйүнө кабыл алынып, алгач ирет мээримдүү адамдардын жылуу сөзүн укту

Бул жагдайдан алганда Алыкул Осмоновдун жолу татаал да, оор да болду десек болот. Кенедейинде жетим калып, ар

Слайд 6Андагы тарбиячысы Грунья Савельевнага кийин эр жеткен курагында:
... Алыс кеттим,  бармын, өлүү

эмесмин, Мен барбасмын,  сен да мага келбессиң. Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың, Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин.-

деген ыр саптарын арнаган.

Андагы тарбиячысы Грунья Савельевнага кийин эр жеткен курагында:... Алыс кеттим,  бармын, өлүү эмесмин, Мен барбасмын,  сен да мага

Слайд 7Балдар үйүнөн соң ал кездеги негизги окуу жайы болгон педтехникумдан билим

алды. Айдай Жигиталиевага болгон сүйүүсү жолдуу болгон жок. Кыз ата-энесинин сөзүнөн чыга албай, айылдаш жигитке турмушка чыгып, төрөттөн каза болду. Алыкул теңтушунун карындашы, Москвадан театралдык институтту бүтүп келген Зейнепке үйлөнүп, турмуш жолун баштоого умтулду. Кызы Жыпар бир айга толбой жатып чарчап, акын терең кайгыга батты.

Балдар үйүнөн соң ал кездеги негизги окуу жайы болгон педтехникумдан билим алды. Айдай Жигиталиевага болгон сүйүүсү жолдуу

Слайд 8 Кызына арнап:
Күндөр болду ырас,

аздым, жүдөдүм,
Эртесинде кайра унутуп күлгөнүм,
Бирок Чиркин бөбөк деми күч экен
Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм -
ыр саптарын жазган
Кызына арнап: Күндөр болду ырас, аздым, жүдөдүм, Эртесинде кайра унутуп күлгөнүм,

Что такое shareslide.ru?

Это сайт презентаций, где можно хранить и обмениваться своими презентациями, докладами, проектами, шаблонами в формате PowerPoint с другими пользователями. Мы помогаем школьникам, студентам, учителям, преподавателям хранить и обмениваться учебными материалами.


Для правообладателей

Яндекс.Метрика

Обратная связь

Email: Нажмите что бы посмотреть