Слайд 1ВОЕННО-АНТОНОВКА
ОКУУ-ТАРБИЯ
КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ
Слайд 3Долбоордун темасы:
Сыдык Карачев
Слайд 4Долбоордун максаты:
Сыдык Карачевдин өмүр жолу.
Анын ишмердиги жана ошол кездеги интеллигенциянынбөлүнүшү
Жаңы заман
жактоочусу жана курмандыгы
Аз убакыт ичинде жасалган
албан иштер
Слайд 5Сыдык Карачев Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Жылуу-Булак айылында
1900-жылы бай үй-бүлөдө дүйнөгө келген. Жаштайынан ата-энесинен жетим калган.
Слайд 6Анын атасы белгилүү «Ысык-Көлдүн жети акеси»нин бири Карач аке болгон.
Слайд 7Сыдык жаш чагында Каракол шаарына келип, Салих аттуу татар мугалимдикине үй
кызматкери болуп орношот. (Тарыхчы Аида Кубатованын тактоосуна караганда, анын тегаты - Надыршин болгон). Ошол жадидчи, реформатор агартуучу С.Надыршиндин жардамы менен Сыдык шаардагы татарча жаңы усул (усул-и жадид) мектебинен окуйт.
Слайд 81919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде жергебиздеги улуттук жигиттерден кызыл гвардия
бөлүмү түзүлгөндө, Сыдык да ага катталат.
Слайд 9С.Карачев 1920-1922-жылдары Ташкендеги аскер мектебинде окуп, бирок ден соолугуна байланыштуу бул
окуудан чыгып, Караколдогу Союз кошчу уюмунда иштейт.
Слайд 10"Эркин-Тоо" гезитинин туңгуч саны жарык көрөөр алдында аны Ташкенге атайын чакыртышып,
гезитке жооптуу катчы кылып дайындашат. (Сыдык буга чейин эле, Алматыда чыкчу "Көмөк" газетасында 1919-жылдары аз убакыт болсо да иштеген деген божомол бар).
Слайд 11Сыдык Карачев табиятынан көркөм сөзгө жөндөм-шыктуу, адабий табити сезимтал жан болгон.
Кыска убакта, ара-чолодо жазган чыгармалары аны менен адабиятка чогуу аралашкан каламдаштарынан кыйла айырмалантып турушу көп нерсени ырастап турбайбы. Анан да Сыдык Карачевдин кыйла убакты-сааты гезит чыгаруу, журналистикага корогон. Текст менен иштөө, сүйлөм куруу, образ тузүү жагынан ал башкалардан чынында эле айырмаланып турган.
Слайд 12Бул жерде ал улуу манасчы Саякбай Каралаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров
менен бирге аскердик машыгуудан өтүп, Казакстандын Лепси аймагында, анан атаман Анненков башчылык кылган ак гвардиячыларга каршы согушуп, кийин Бухара эмирдигин кулатууга катышкан.
Слайд 13Сыдык Карачевдин журналисттик ишмердигине, анын адабий чыгармачылыгына белгилүү журналист, изилдөөчү Мундузбек Тентимишов да
кызыккан.
- Бул киши да "Социал-туран партиясына тийиштүү" деген айып менен кеткен. Мен кызыгып изилдегем. Аны 1928-жылдан кийин эле четтетүү аракети башталган. Касым Тыныстановго тийген токмоктун баары эле буга тийген. Касымаалы Баялиновдун “Ажарына” тыюу салган учурлар болгон. “Ажарды" зыяндуу чыгарма деген 1933-жылы ВКП(б) обкомунун токтому чыккан. Ошонун бир капшыты Сыдык Карачевге тийип калган. Бул байдын тукумунан чыккан. Ал кездеги биздин интеллигенция экиге бөлүнүп калган. Бир тарабын Аалы Токомбаев, экинчи жагын Касым Тыныстанов баштаган. Сыдык Карачевдин “Эрик таңында” повести жакшы чыгарма болгон. Ал Касымалы Баялиновдун “Ажары” менен бирге катуу сынга алынган.
Слайд 14Ал кездеги биздин интеллигенция экиге бөлүнүп калган. Бир тарабын Аалы Токомбаев,
экинчи жагын Касым Тыныстанов баштаган.
Слайд 15Ушундан улам, деги эле 1920-30-жж. сталиндик кандыбулоон, өз элине карата жасалган
катаал жазалоонун, миллиондорду кабыргасы кайышпай, атып жок кылышынын, андай болбогонун абакта кыйнашынын, жер которуштуруп айдап ийүүнүн себеп-жөнү, адам өмүрү түккө турбаган катаал мезгилдин трагедиясы буга чейин жетиштүү айтылбагандай, ар тараптуу изилдене электей таасир калтырат.
Слайд 16Белгилүу тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова XX кылымдын башындагы кыргыз агартуучуларынын тагдыры
жөнүндөгү теманы кыйла жылдардан бери изилдеп келатат.
- Совет бийлиги келгенден кийин буларды пантүркчүл, панисламчы деп куугунтуктай баштаган. Булардын өзөгү - XX кылымдын башындагы жадидчилик кыймылы болгон. Анда алдыга умтулуу, элди агартуу максаты коюлган.
Слайд 17Анын себеп-жөнүнүн бир өңүтүн тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, КУУнун профессору Токторбек Өмүрбеков "таптык
күрөш" деген сталинчил талапка баш ийдирилген жосунсуз жаатчылык жагдайына байланыштуу түшүндүрөт.
Слайд 18Жаңы заман жактоочусу жана курмандыгы
Сыдык Карачев жаңы заманды жактыруу менен кабыл
алган. Жогоруда учкай айтылгандай, Кеңеш бийлигин сүйүңкүрөбөгөн душмандарына каршы күрөшкөн кызыл аскер, кызыл гвардиячы болгон, аз убакыт болсо да, 1920-22-жылдары Ташкендеги советтик аскердик мектепте окуган. Мурдагы далай бай-манаптардын, бийлердин көптөгөн урпактары деле Кеңеш бийлиги тарабында болуп чыккан.
Слайд 19Өз башынан өткөргөн мына ушул карама-каршылыктуу мезгилди кийин С.Карачев чыгармаларында чагылдырган.
Жаңы заман буга чейин кош эзүүдө басылып келген карапайым элге эркиндик, бакубат турмуш алып келерине айныксыз ишенген. Өзүнүн жаңы заман жарчысы экенин чыгармачылыгында далилдеген.
Сыдык Карачев адабий чыгармачылык менен журналистиканы эриш-аркак ала жүргөн. Караколдо иштеп жүргөн жеринен Ташкенге чакырылып, 1924-жылы "Эркин тоо" гезитинин алгачкы сандарын чыгарып, андан кийин да Бишкекте туңгуч кыргыз басылмасында жооптуу катчысы болуп алты жыл иштеген.
Слайд 20Аз убакыт ичинде жасалган албан иштер
Сыдык Карачев да ал кездеги көпчүлүк
жазуучулардай эле чыгармачылык жолун ыр жазуудан баштаган. Ал ырларда жаңы заманга куттук айтуу, өзгөрүлгөн турмуш, аялдар тендиги сындуу заман талабына шайкеш келген темалар чагылдырылган.
Слайд 21Акындын "Шаңдан, жүрөк", "Айылдагы курбума", "Досума", "Эркин-Тоого", "Май", "Жаңы турмуш -
жарык күн", "Эмгек таңында" сындуу ырларын ушундай десек болот. Маселен, "Шаңдан, жүрөк" деген ыры мындайча башталат:
Адашкан эл-журтунан мен бир безген,
Илим деп эл-жеринен эчак кеткен,
Мойнума эл милдетин артып алып
Түйшүктө нур жылдарым - жаштык өткөн.
Слайд 22Көркөм шөкөттөлүшу кыйла эле жупуну көрүнгөн ырдын жыйынтык куплетинде акындын айтайын
деген негизги ою ачыкка чыгат.
Жаңы доор, жаңы турмуш кызыгына
Журөгүм толкундады оттой жанды.
Кайгылуу өткөндөгү муңдуу күнүм,
Кан кечип, эрксизден мен күлгөмүн,
Кетти изсиз элим менен сан күрөшкө.
Ат салыш (толку), шаңдан, эт жүрөгүм.
Сыдык Карачевдин адабий чыгармачылыгы алдыга илгерилеген сайын анын саясий каршылаштарынын аракети күчөгөн, өз элин билимдүү, маданияттуу болушун жактаган жазуучуга улутчул жарлыгын тагып, бай-манаптын тукумуна жаңы адабиятта орун жоктугун ачык эле айта башташкан.
Слайд 231928-29-жылдары Сыдык Карачевдин төрт китеби жарыкка чыккан. Анын ичинде "Төрага Зейнеп",
"Теңдик жолунда" деген эки пьесасы да бар. Баш-аягы алты-жети жыл аралыгында Сыдык Карачевдин колунан чыккан адабий чыгармалар төрт китеп болуп жарыкка чыгып, жаңыдан телчигип келаткан улут адабиятынын арымы кеңейе баштаган. Бирок да бул жүрүмдүн алдыга жылышына 1930-жылдардагы сталиндик кандуу жазалоо тоскоол болуп, Сыдык Карачев репрессиянын курмандыгына чалынган.
Слайд 24Жыйынтыктоо:
Сыдык Карачев, өзү жакшы көргөн профессор Касым Тыныстановдон (1901-1938) айырмаланып, болгон
аракетин жалаң адабият, журналистикага жумшаган. Анын кара сөз, ыр, драмалык чыгармалары катарлаш каламдаштарынан кыйла айырмаланып турган.
С.Карачев 1958-жылы акталып, андан соң анын мурда жарыяланган чыгармалары топтолуп, 1967-жылы "Эрик таңында" деген ат менен жарыяланган.
Слайд 25Жыйынтыктоо:
Ал ушунчалык кыска мезгилде улут адабиятына чыйыр салган бир топ мыкты
чыгармаларды артына калтырып кеткен.
Кыргыз улуттук адабиятынын XX кылымдын башындагы тарыхына кайрылган изилдөөчүлөрдүн бир да бирөө кыйгап өткүс феномендин кыскача тарыхы ушундай.
Слайд 26Долбоордун координатору:
Тюлемишева Ж Ж