Слайд 1Тема: Эл аралык экономикалык уюмдар.
Слайд 2
БУУ
БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын башкармасы
ЕККУ (ОБСЕ)
ЮНИСЕФ
АСЕАН
Европа Союзу
Дүйнөлүк банк
Дүйнөлүк соода уюму
КМШ
ШКУ (ШОС)
КККУ (ОДКБ)
а) Мурда СССРге кирген өлкөлөрдүн тобу.
б) Бул уюмга бардык өлкөлөр кирип, ар бир өлкө добушка ээ болот. Уюмдун баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан.
в) Балдар менен аялдарды коргоого, аларга жардам берүүгө аракеттенет.
г) Европа өлкөлөрүнүн бул уюмуна мүчө болгон өлкөлөр арасындагы мамилелер менен эркин базарды өнүктүрүүгө аракеттенет.
д) Мамлекеттердин өнүгүшү үчүн пайызы төмөн карыз акча берет.
е) Өз өлкөсүнөн качканга мажбур адамдарга жардам берет, анткени өлкөлөрүндө калышса, өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.
ж) Европада жана ага жакын жайгашкан өлкөлөрдө саясий туруктуулук менен демократияны сактаганга аракеттенет.
з) Япония, Таиланд, Малайзия жана Вьетнам сыяктуу өлкөлөрдүн экономикалык уюму.
и) Өлкөлөрдүн товарларды бири-биринен эркин сатып алышына жана сатышына көмөктөшөт.
к) Терроризм, сепаратизм, экстремизм, наркотрафик менен күрөшөт, экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрөт, илимий жана маданий мамилелерди түзөт.
л)Коллективдик Коопсуздуктун Келишим Уюму. Келишимге катышкан мамлекеттердин аймактык- экономикалык мейкиндигин агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле жаратылыш кырсыктарынан коргойт.
Слайд 3БУУ( Бириккен улуттар уюму)
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) – эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту
колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм.
Слайд 4ЕККУ (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм) (ОБСЕ)
коопсуздук, экономика, илим, технологиялар жана адам укугу багытында кызматташуу үчүн
түзүлгөн эл аралык форум. 1975-ж. Хельсинки конференциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешме (ЕККК) катары түзүлгөн (ЕКККны ЕККУ деп атоо тууралуу чечим 1994-ж. Будапешт жолугушуусунда кабыл алынган). Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 55 өлкөсү кирет. Жумушчу органы – мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнөн турган Туруктуу кеңеш, анын отурумдары жума сайын Вена шаарында өткөрүлөт. ЕККУда төрагалык кылуу (мүчө өлкөнүн тышкы иштер министри) кезек менен жүргүзүлөт.
Слайд 5ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ балдардын абалын жакшыртуу жана
Балдар укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясында бекитилгендей алардын укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча Өкмөттүн негизги өнөктөшү болуп эсептелет. ЮНИСЕФтин 2012-2016-жылдарга Программасы өлкөдөгү ар бир балага жете тургандай туруктуу системаны түзүүгө умтулат жана жаш жарандардын чечим кабыл алуу жана тынчтык куруу процесстерине катышуусу үчүн шарт түзүүгө багытталган.
United Nations International Children's Emergency Fund;
Международный чрезвычайный детский фонд ООН
Слайд 6БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) изилдөөсүнө ылайык, күн сайын 175 миңден ашуун
бала биринчи жолу Интернет мейкиндигине кошулат. Жыл сайын 7-февралда белгиленип келген Бүткүл дүйнөлүк коопсуз Интернет күнүн утурлай ЮНИСЕФ ар бир жарым секундада бир бала Интернетке кирип, түрдүү мүмкүнчүлүктөргө, виртуалдык жеткиликтүүлүккө ээ болгондон тышкары ар кандай коркунучтарга да кабылаарын ырастайт. Мисалы, Интернетке биринчи жолу кошулган бала коркунучтуу сайттарга кирип кетиши ыктымал жана жеке маалыматын туура эмес учурларда колдонуп алышы ыктымал.
Слайд 7Түштүк-чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы, АСЕАН (англ. Association of South East Asian Nations)
өлкөлөрү бирдиги
(Ассоцияциясы) 1967 жылдын 8 августунда Банкок шаарында түзүлгөн. Биринчилерден болуп Индонезия, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Филиппин өлкөлөрү мүчө болушкан. Кийинчерээк Бруней-Дарусаллам (1984ж.), Вьетнам(1995 ж.), Лаос и Мьянма (1997 ж.), Камбоджа (1999 ж.). Папуа-Жаңы Гвинеяга жана Чыгыш Тиморго байкоочу статусу берилген.
АСЕАНдын келишиминде жазылган максаттары төмөндөгүдөй: мүчө өлкөлөр арасында социалдык жана экономикалык, ошондой эле маданий жактан өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, Түштүк-чыгыш чөлкөмүндө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо боюнча бидиктүү иш жүргүзүү.
Слайд 10Международный валютный фонд, МВФ (англ. International Monetary Fund, IMF) — специализированное учреждение ООН, со штаб-квартирой в Вашингтоне, США. Объединяет
189 государств, а в его структурах работают 2500 человек из 133 стран.
Слайд 11Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюму (БСУ) (Wold Trade Organisation, WTO) – 1955-жылга чейин
Тарифтер жана соода боюнча генералдык макулдашуу (ТСГМ), 1986–94-ж. көп тараптуу соода сүйлөшүүлөрүнүн («Уругвай раунду») натыйжасында кабыл алынган БСУну уюштуруу тууралуу макулдашуунун негизинде 1995-ж. 1-январда түзүлгөн. Жайгашкан орду Женева. 2006-ж. мүчө өлкөлөрдүн саны 147 болгон. Кыргызстан 1994-жылдан мүчө. БСУнун негизги максаты соода байланыштарын жөнгө салуунун көп тараптуу механизмин, өндүрүштүн өсүшүн, товар жана кызмат көрсөтүү соодаларын, сырьё булактарын натыйжалуу пайдалануунун, айлана-чөйрөнү коргоонун негизинде Эл аралык сооданы эркин коё берүү болуп саналат. БСУнун жетекчи органдары министрлер конференциясы (БСУнун жогорку органы, ар бир эки жылда шайланат), генералдык кеңеш, талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча комитет, соода саясаты боюнча комитет.
Слайд 12КМШ (Коз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги)
мамлекеттер аралык бирикме, 1991-жылы 8-декабрда Минскиде СССРдин
3 республикасынын – РСФСР, Белоруссия жана Украинанын өкүлдөрү кол койгон Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндө макулдашууларынын негизинде түзүлгөн. Макулдашуу 1991-жылы 12-декабрда РСФСР Жогорку Советинин токтому менен ратификацияланган. КМШнын 1993-жылы 22-январда Минскиде кабыл алынган Уставы 1993-жылы 12-апрелде РФ Жогорку Совети тарабынан ратификацияланган. Аталган Макулдашууга жана КМШ Уставына ылайык, Шериктештиктин максаты элдер менен мамлекеттердин саясат, экономика, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, илим, соода жагындагы, кайрымдуулук жана башка чөйрөлөрдөгү тең укуктуу жана өзара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүү, кеңири маалыматтык алмашууга көмөк көрсөтүү, өзара милдеттенмелерди акниет жана так сактоо болуп саналат. КМШга СССРдин мурдагы 12 республикасы – РФ, Украина, Өзбекстан, Азербайжан Республикасы, Грузия Республикасы, Тажикстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Армения Республикасы, Молдова Республикасы, Түркмөнстан кирет. КМШ органдарынын ырасмий жайгашкан орду – Минск. Шериктештиктин Мамлекет башчыларынын кеңеши, Өкмөт башчыларынын кеңеши, КМШтин Аткаруучу секретариаты, Мамлекеттер аралык экономикалык комитет, КМШтин Экономикалык соту, КМШке катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясы КМШтин негизги институттары (консультативдик жана координациялоочу органдары) болуп саналат.
Слайд 13Шанхай Кызматташтык Уюму же ШКУ/SCO (англ. Shanghai Cooperation Organisation кыт. 上海合作组织; орус. Шанхайская организация сотрудничества) - өкмөттөр аралык өз
ара коопсуздук уюму, 2001-жылы Шанхайда Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары тарабынан негизделген. Өзбекстандан башка өлкөлөр 1996-жылы түзүлгөн Шанхай бешилтигинин мүчөсү болушту; 2001-жылы Өзбекстан кошулганда мүчөлөр уюм деп аталышты