Презентация, доклад на тему Информацияи его свойство,Презинтация (7-класс)

Содержание

Информация деген эмне?Информациянын демейдегидей аныктамасы болбойт.«Информация» термини латин тилинде information деген сөз, котормосу - кабар, билдирүү, түшүндүрмө.Жалпылап алганда «информация» кабар (маалымат) дегенди билдирет. Ал тирүү жан же техникалык түзүлүш тарабынан белгилердин жардамы менен кабыл алынат жана

Слайд 1ИНФОРМАЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Информация и информациялык процесстер

ИНФОРМАЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?Информация и информациялык процесстер

Слайд 2Информация деген эмне?
Информациянын демейдегидей аныктамасы болбойт.
«Информация» термини латин тилинде information деген

сөз, котормосу - кабар, билдирүү, түшүндүрмө.
Жалпылап алганда «информация» кабар (маалымат) дегенди билдирет. Ал тирүү жан же техникалык түзүлүш тарабынан белгилердин жардамы менен кабыл алынат жана жиберилет (толугураак айтканда - кабыл алынат, топтолот, өзгөртүлөт, сакталат, изделет, жиберилет, жоготулат, табылат).
Информация деген эмне?Информациянын демейдегидей аныктамасы болбойт.«Информация» термини латин тилинде information деген сөз, котормосу - кабар, билдирүү, түшүндүрмө.Жалпылап

Слайд 3«Информация» башка илимдерде…
Информация физикада антиэнтропия деп каралат; аны болсо системанын ирээттүүлүк

жана татаалдык чени деп түшүнөбүз.
Жандуу жаратылышты изилдеген биологияда болсо, «информация» түшүнүгү жаныбарлардын максаттуу жүрүш-турушу менен байланыштуу. Организмдин максаттуу жүрүш-турушу, анын курчаган чөйрө тууралуу алган информациясына жараша болот.
Башкаруу тууралуу илим болгон кибернетикада «информация» түшүнүгү татаал системалардагы (тирүү организмдердеги же техникалык түзүлүштөрдөгү) башкаруу процесстери менен байланышкан. Башкаруу процесстери өз ичине информацияны кабыл алуу, сактоо, өзгөртүп түзүү жана таратууну камтыйт.
«Информация» башка илимдерде…Информация физикада антиэнтропия деп каралат; аны болсо системанын ирээттүүлүк жана татаалдык чени деп түшүнөбүз. Жандуу

Слайд 4Информациянын социалдык мааниси бар касиеттери
Адам – бул социалдык жандык; ал башка

адамдар менен алака кылыш үчүн алар менен сөзсүз информация алмашуусу шарт. Дискуссияга катышкандар аңгемелешүү тилин билиши керек, ошондо гана информация бардыгына түшүнүктүү болот.
Информация пайдалуу болгондо гана дискуссия практикалык жактан баалуу.
МИК (газеталар, радио, телевидение…) информацияны коомдун ар бир мұчөсұнө жеткирет. Мындай информация чын жана керектүү болушу зарыл.
Адам курчаган дүйнөдө туура багыт алып жүрүшү үчүн информация толук жана так болушу керек.
Информациянын социалдык мааниси бар касиеттериАдам – бул социалдык жандык; ал башка адамдар менен алака кылыш үчүн алар

Слайд 5Информациянын социалдык мааниси бар касиеттери
Адамдар өздөрү алган информациянын дайыма пайдалуу, түшүнүктүү,

керектүү, толук жана чын болушуна жетишүүсү зарыл.

Ошондо гана алар бири-бирин жакшы түшүнүп, ар кандай кырдаалда туура чечим кабыл ала алышат. Коомдун турмушундагы экономикалык өнүгүш, адамдардын ден соолугу жана өмүрү, информациянын касиеттеринен көз каранды болот.

ИНФОРМАЦИЯ

ТАКТЫК

ТҮШҮНҮКТҮҮЛҮК

ПАЙДАЛУУЛУК

ЧЫНДЫК

КЕРЕКТҮҮЛҮК

ТОЛУКТУК

Информациянын социалдык мааниси бар касиеттериАдамдар өздөрү алган информациянын дайыма пайдалуу, түшүнүктүү, керектүү, толук жана чын болушуна жетишүүсү

Слайд 6Информациянын булактары
Адамзат азыр абдан көп сандагы информация топтоду!
Мурда адам топтогон

билимдердин жалпы суммасы ар бир 50 жылда эки эселене турган.
Азыр болсо информациянын көлөмү ар бир эки жылда эки эселенет.

Адамдын айлана-чөйрө жөнүндө туура информацияны кабылдашы жана иштете алышы анын курчаган дүйнөнү таанып-билүү жөндөмүнө жараша болот.

Информациянын булактарыАдамзат азыр абдан көп сандагы информация топтоду! Мурда адам топтогон билимдердин жалпы суммасы ар бир 50

Слайд 7Информацияны кабылдоо
Айланабыз ар кандай түспөлдөргө, добуштарга, жыттарга, даамдарга жык толгон: бул

информацияны адамдын аң-сезимине анын көрүмү, угуму, жыт алымы, даам алымы жана туюнуму сыяктуу туюм органдары беришет.
Булардын жардамы менен адам ар кандай нерсе, жаныбар, көркөм өнөр чыгармасы, кубулуш ж.у.сыяктуулар тууралуу алгачкы түшүнүгүн калыптандырат.
Көз аркылуу адам көрмө информацияны алат;
Угум органдары информацияны добуш түрүндө беришет;
Жыт сезүү органдары адамга жыттарды жеткиришет;
Даам сезүү органдары адамга тамактын же тилге тийген башка нерсенин даамы тууралуу информация беришет;
Туюм органдары адамга туюнма информацияны беришет.
Адам туюм органдары аркылуу ала турган информацияны органолептикалык информация деп коюшат. Информациянын 90 %и көз аркылуу, 9 %тейи кулак аркылуу6 калганы башка органдар аркылуу алынат .
Информацияны кабылдооАйланабыз ар кандай түспөлдөргө, добуштарга, жыттарга, даамдарга жык толгон: бул информацияны адамдын аң-сезимине анын көрүмү, угуму,

Слайд 8Информациянын берилиши
Адам информацияны туюм органдарынын жардамында алып жатканда аны тигил же

бул формада берүү менен анын башкаларга да түшүнүктүү болушуна аракеттенет.
Композитор музыканы адегенде пианинодо ойноп, анан аны нотанын жардамында жазат. Ошол эле музыка туудурган ойлорду акын ыр кылып жазса, хореограф бий аркылуу берет, ал эми сүрөтчү сүрөт менен туюндурат.
Адам өз оюн сөздөрдөн түзүлгөн сүйлөм түрүндө туюндурат. Сөздөр болсо тамгалардан турат. Муну биз — информациянын алфавиттик берилиши дейбиз.
Ошентип, бир эле информациянын берилиш формасы ар кандай болушу ыктымал. Бул болсо, алдыга коюлган максатка жараша болот.
Информациянын берилишиАдам информацияны туюм органдарынын жардамында алып жатканда аны тигил же бул формада берүү менен анын башкаларга

Слайд 9Тил - бул белгилер системасы
Башкалар менен информация алмашуу үчүн адам табийгый

тилдерди (кыргыз, орус, англис, кытай ж.б.) колдонот, б.а. информация табийгый тилдердин жардамында берилет.
Тилдин негизин алфавит түзөт. Ал - символдордун (белгилердин), жыйындысы: символдорду адам жазылышынан тааныйт.
Тил – бул символдордун жана информацияны берүүнүн белгилүү бир системасы
Кыргыз тилинин негизин 36 тамгадан турган кириллица түзөт, англис тили латиницаны (26 тамга) пайдаланат, кытай тилинин алфавити он миңдеген иероглифтерден турат.
Алфавиттеги символдордун удаалаштыгы, грамматиканын эрежелерине ылайык, тилдин негизги объектиси болгон сөздөрдү түзөт. Бул сөздөрдөн сүйлөм кураштыруу эрежелери ошол тилдин синтаксиси деп аталат.
Тил - бул белгилер системасыБашкалар менен информация алмашуу үчүн адам табийгый тилдерди (кыргыз, орус, англис, кытай ж.б.)

Слайд 10Тил - бул белгилер системасы
Табийгый тилдер сыяктуу эле формалдуу тилдер (эсептөө

системалары, алгебра тили, программалоо тилдери ж.б.) иштелген. Формалдуу тилдердин грамматикасы менен синтаксисинин эрежелери табийгый тилдердикинен катаал болот.
Кээ бир тилдер белги катары тамгалар менен цифраларды эмес, башка символдорду пайдаланышат. Алсак, химиялык формулалар, ноталар, электрдик жана логикалык схемалар, жол белгилери, Морзе алиппеси, ар кандай коддор ж.б.

АБВГД

Тил - бул белгилер системасыТабийгый тилдер сыяктуу эле формалдуу тилдер (эсептөө системалары, алгебра тили, программалоо тилдери ж.б.)

Слайд 11Тил - бул белгилер системасы
Тил – бул символдордун жана информацияны берүүнүн

белгилүү бир системасы
Табийгый тил – бул улуттук кеп сүйлөөнүн тарыхый калыптанган тили (кыргыз, орус, англис, кытай ж.б.).
Формалдуу тил – бул адистештирип колдонуу үчүн түзүлгөн жасалма тил (математика тили, химияпык формулалар тили, нота тили, программалоо тили).
Тилдин алфавити – пайдаланылган символдордун жыйындысы.
Синтаксис – тил конструкцияларынын жазылыш эрежелери.
Семантика – тил конструкцияларынын маани жагы.
Тил - бул белгилер системасыТил – бул символдордун жана информацияны берүүнүн белгилүү бир системасы Табийгый тил –

Слайд 12Суроолор жана тапшырмалар
Силер информацияны кандай булактардан аласыңар?
Информациянын кандай касиеттерин билесиңер?
Информациянын

берилишинин кандай формаларын билесиңер?
Аба ырайы тууралуу информацияны ар башка формада бергиле.
Табийгый жана формалдуу тилдердин окшоштуктарын жана айырмаларын айтып бергиле?
Суроолор жана тапшырмаларСилер информацияны кандай булактардан аласыңар?Информациянын кандай касиеттерин билесиңер? Информациянын берилишинин кандай формаларын билесиңер?Аба ырайы тууралуу

Что такое shareslide.ru?

Это сайт презентаций, где можно хранить и обмениваться своими презентациями, докладами, проектами, шаблонами в формате PowerPoint с другими пользователями. Мы помогаем школьникам, студентам, учителям, преподавателям хранить и обмениваться учебными материалами.


Для правообладателей

Яндекс.Метрика

Обратная связь

Email: Нажмите что бы посмотреть