Слайд 1ВОЕННО-АНТОНОВКА
ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ
Слайд 2Мекен таануу
3-класс
Долбоорду түзгөн: башталгыч класстын мугалими
Тюлемишева Жаңыл Жумадиловна
Слайд 4.
Долбоордун максаты:
Жаратылышты сүйүүгө, эл – жерин, сууну коргоо.
Жаратылыш менен адамдардын биримдиги.
Сарамжалдуулук.
Слайд 5Суу тууралуу ырлар
Макал-лакаптар
Накыл кептер
Учкул сөздөр
Жер шаарынын картасы
Глобус
Долбоордун жабдылышы:
Слайд 6Биз жашап жаткан планетада суу көппү же кургак жер көппү?
Аны биз
эмнеден байкасак болот?
Суу картада кандай түстө белгиленген?
Чечилүүчү суроолор:
Слайд 7Океандар, деңиздер, көлдөр, дарыялар,глобуста көк түс менен түшүрүлгөн. Суу жер шарынын
төрттөн үч бөлүгүн ээлейт. Жер бетиндеги суу жок жерди жолуктуруу кыйын. Суу бардык жерде бар.
Слайд 8Мисалы жерде жаткан ташты алып карасак, анда да суу бар. Организмдерде,
өсүмдүктөрдө, жаныбарларда да суу көп болот. Абада да суу бар. Суусуз эч бир өсүмдүктөр, жан-жаныбарлар жашай албайт. Суусуз жашоо жок.
Слайд 9Сууну жаратылышта 3 абалда кезиктиребиз.
Суу –суюк, куюлат, тунук.
Слайд 12Суунун кандай касиеттери бар?
Суюк абалда суу түзсүз жана жыты жок, ал
тунук жана куюлат. Суу көп нерселерди эритет. Суу эриткич.
Слайд 13Суу эмнеге пайдаланылат?
Биз денебиздеги тамак-аш аркылуу керектүү өлчөмдөгү сууну камсыз кыла
алабыз. Суу биздин денебиздин үчтөн эки бөлүгүн түзөт.
Слайд 14Суу үйлөрдү, коомдук имараттарды, көчөлөрдү тазалыкта тутуу үчүн да керек.
Слайд 15Суу жолдору аркылуу адамдар кайыктарда, теплоходдордо сүзүшөт. Азык-түлүктөрдү жана машиналарды ташышат,
карагай агызышат.
Слайд 16Суу электр тогун иштеп чыгуучу машиналарды кыймылга келтирет.
Слайд 17Суу түтүктөр аркылуу жылуулук алып барат. Адамдар жашаган жана иштеген үйлөрдү
жылытат. Ысытылган суу теплицаларда өстүрүлгөн өсүмдүктөргө жылуулук берет.
Слайд 18Суу темир жол менен автомобилдерди, транспортторду иштетиш үчүн да керек. Өнөр
жайынын бир да тармагы суусуз иштей албайт.
Слайд 19Фабрикалар менен заводдордо, суу менен боекторду эритиш үчүн,кагаз, самын, нан бышырыш
үчүн керек.
Слайд 20Эгер биздин денебиз суудан ажырап калса,укмуштуудай бузулуу пайда болот. Адам тамак
ичпестен 30-45 күнгө чейин чыдайт. Суу ичпей 3-5 күн араң жашайт.
Слайд 21Жер жүзүндө канча суу бар?
Баарыбызга белгилүү болгондой жердин төрттөн үч бөлүгү
суу. Анын ичинен тузсузу 2,5 процентти түзөт.
Ал эми Кыргызстанды ала турган болсок, анын суу запасы жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардан турат.
Слайд 22Суу булак болуп жердин алдынан чыгат. Тоо башындагы мөңгүлөрдөн агып келет
да, өзөн сууларды пайда кылат. Өзөн суулар бири-бирине кошулуп отуруп, чоңоюп дарыяга айланат. Дарыя көлгө, деңиздерге агып барат.
Слайд 23Ала-Тоонун чокусундагы мөңгүлөр суунун тоңгон абалы. Ал муз менен кар ээрисе
сууга айланат. Мөңгү ар дайым ээрип, салаа-салаа суулар ылдый агып турат. Бирок, мөңгүлөр ээрип түгөнүп калбайт. Түбөлүк муз болуп Ала-Тоонун чокусунда турат.
Слайд 24Ала-Тоонун чокусундагы муздар ээрип суу болуп агып, биз пайдаланып жаткан, тоодон
агып келген суу, «Аккан суу» деп аталат.
«Ала-Тоодон аккан суу,
Жан-жаныбарларды
баккан суу»-деп улуу
акын Жеңижок
ырдаган.
Слайд 25«Аккан суу» Жеңижок
Ала-Тоонун боорунан
Жарып чыккан аккан суу
Алтын кашат жер куйрук
Балык
чыккан аккан суу
Кара жердин астынан
Жылып чыккан аккан суу
Кайда барып токтоорун
Билип чыккан аккан суу.
Мурда болуп көрбөгөн
Жерге келген аккан суу
Жер үстүндө жашаган
Элге келген аккан суу
Өз тулкусун жоготпой,
Бир тамчысын коротпой
Кармап келген аккан суу
Курмандыкка денесин
Арнап келген аккан суу.
Слайд 26Жердин бетин жайнатып,
Чөп жараткан аккан суу.
Төрт түлүктү семиртип,
Эт жараткан аккан суу.
Алма,
жүзүм, алмурут,
Алча кылат аккан суу.
Четин, шилби, карагат,
Арча кылат аккан суу.
Биз билбеген дүйнөдөн
Канча кылат аккан суу!
Бири койсо, бири учуп,
Бири келсе, бири кетип,
Эки жагын карашып,
Канаттарын тарашып.
Мукам-мукам сайрашып,
Өз тилинде күү чертип,
Жак жагына толтуруп,
Куштар келген аккан суу
Жердин үстүн тепсеген
Малга келген аккан суу.
Ай-ааламда жашаган,
Жанга келген аккан суу.
Кара таштан жаркырап,
Түшүп жаткан аккан суу.
Жан-жаныбар шимирип,
Ичип жаткан аккан суу.
Ак чепкендин жеңине
Кир койбогон аккан суу.
Слайд 27Жеңижоктун ырында айтылгандай:
«Ала-Тоонун боорунан жарып чыккан аккан суусуз» адам баласы жашай
албайт, өсүмдүктөр куурап, өспөй калат.жер шарында көптөгөн адамдар чөлдөрдө сууга өтө таңсык.жер сугаруу эмес, бир ууртам суу таппай чаңкаган адамдар бар.
Слайд 28Биздин ата-бабаларыбыз сууну илгертен таза сактап келишкен. Ак сакалдуу аталар, кылым
карыткан ак элечек энелер улукмандык менен суу жөнүндө осуят сөздөрүн айтып келишкен.
Слайд 29Бабалардын сөзү.
«Суу көтөргөн баканды аттаба»
«Арыктагы сууга түкүрбө»
«Кирдин суусун баспа»
«Үйүңө мейман келсе,
колуна жылуу суу куй»
Таза суу жергебиздин байлыгы.
Суусуз өмүр жок
Суу жашоонун булагы.
Суу жердин каны.
Суу болгон жерде байлык бар.
Суу-жердеги байлык.
Суу атасы-булак.
Слайд 30Кандай гана өндүрүш болбосун, суусуз иштей албайт. Алсак, 1 тонна болотту
ээритиш үчүн, 20 миң литр суу керек.
Слайд 31Ал эми 1 тонна капрон кебезин иштеп чыгаруу үчүн 5600 метр³,
1 тонна кагаз үчүн 36 метр³ таза суу керектелет.
Слайд 32Суу дыйканчылык үчүн өтө керек. Алсак, бир түп өсүмдүк үч айда
орто эсеп менен 80 метр³ суу ичет. Ал эми 1 гектар аянттагы капустага 8000 метр³, жүгөрүгө 3200 метр³ суу сарпталат.
Слайд 331 тонна пахтаны өстүрүш үчүн, 10000 метр³, 1ц кант кызылчасына 12700
м³ суу зарыл. Адамдын бир күнкү азыгы үчүн 6 куб суу керек экендигин эстен чыгарбоо зарыл.
Слайд 34Нарын дарыясы.
Кыргызстандагы эң чоң дарыя - Нарын. Нарын дарыясы көк тиреген
бийик тоолордун терең капчыгайларын аралап агат.
Ага Он-Арча, Ат-Башы, Жумгал, Чычкан дарыялары куят. Дарыя чоң жана агымы күчтүү.
Слайд 35Нарын дарыясындагы ГЭСтер
Үч – Коргон
Токтогул
Таш – Көмүр
Шамалды – Сай
Камбар
- Ата
Слайд 36«Нарын дарыя» Тоголок Молдо
Берекелүү Нарын дарыя,
Мелмилдеген карааның.
Айдаганы ак пахта,
Арыктарга тарадың.
Нар жагы
Арал, Сыр-Дарыя,
Наманган Нарын, неченден,
Дыйкан элдин көөнү ачык,
Бууң алтын сереңдеп,
Суу чыкпаган талаага
Сулуу пахта эгилген,
Жергелүү эл демденип,
Жер жемишин жедирген.
Аңкып жаткан байыркы,
Аңыздары семирген.
Суудан алып көп өрнөк,
Билим жолу артылды.
Өйүз-бөйүз кол кайык,
Өлчөп алды шартыңды.
Тешиктери бурама,
Темир аркан артылды.
Электрге күч берип,
Жылдыз болгон жаркыңды,
Ардактаган Нарын суу
Кыргыз эл билди баркыңды.
Слайд 37Жыйынтыктоо:
Суу биздин жашоо турмушубузга эң керектүү зат.
Адам үчүн суудай зарыл эч
нерсе жок.
Биз суусуз жашай албайбыз. Сууну ичебиз, жуунабыз, жер сугарабыз.
Ичкен тамагыбызда да сөзсүз суу болот.
Жерде суу көп, океан, деңиздер, жер алдында дары суулар бар. Океандын суусу туздуу, ичүүгө жуунууга жараксыз.
Булганыч суу адамдын ден соолугун бузат. Адамга, жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө таза суу керек.
Слайд 38Кыбыраган курт-кумурскалардан тартып, зор пилге чейин, бардык айбанаттар суусуз жашай албайт.
Ошондуктан:
Слайд 39Макулуктун баарынын
Каны сенсиң аккан суу.
Айбанат менен куштардын,
Жаны сенсиң аккан суу.
Эч
ким тирүү күн көрбөйт,
Сен болбосоң аккан суу.
Ай аккан суу, аккан суу,
Жалпы адамды баккан суу.
Ошентсе да баркы жок,
Ар кай жерде жаткан суу.
Слайд 40Крандан агып жаткан сууну жөн эле агызбай, жаап койгула.
Үйдөгү жуунган
сууну шаркыратып агызбай, аз-аздан ачып, сарамжалдуу пайдалангыла!
Жашоонун булагы болгон аккан сууну таза кармайлы!
Слайд 41Жандуу, жансыз барына
Өмүр берген суу тура
Чаңаганда кандырып
Көңүл берген суу тура
Ай аккан
суу, аккан суу,
Жалпы адамды баккан суу
Суудан келет тазалык,
Жалган десек каталык.
Шылдың болбо досторго,
Булганыч бала аталып
Чырайлуусуң суу менен
Чыйрак болот бүт денең
Биле жүргүн ушуну
Кайда сыйкыр күч деген?
Ай аккан суу, аккан суу
Баарыбызды баккан суу.
Слайд 42Долбоордун координатору:
Тюлемишева
Жаныл
Жумадиловна
Слайд 43Долбоордун үстүндө иштегендер:
Каныбекова Фатиха
Дүйшеева Сумая
Сураналиева Алина
Капарбекова Айназик
Сейитбеков Алмамбет
Эрнисов Даниел
Тыныбеков
Нурахим
Кемелбеков Алмаз
Суюнбекова Аэлита
Курманбекова Амина
Исламов Айдарбек
Азисбеков Элхан
Бейшенбеков Ильгиз
Бейшенкулов Билал
Слайд 44Көңүл бурганыңыздар үчүн
ыраазычылык билдиребиз!