Слайд 1КЫРГЫЗ ЖАНА ОРУС ТИЛДЕРИНДЕГИ
АТ АТООЧТОР
Слайд 2Маселелер:
Кыргыз жана орус тилдериндеги ат атоочтун изилдениш тарыхы.
Ат атоочтун лексика-семантикалык
ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча кыргыз жана орус тилдеринде бѳлүнүшү.
Слайд 3Сабактын МАКСАТЫ:
Мамлекеттик тил кыргызча эмес билим берүү мекемелеринде бµлүмүнүн студенттерине кыргыз
жана орус тилдериндеги ат атоочтордун грамматикалык µзгµчµлүктµрүн, лексика-семантикалык топторго бµлүштүрүүдµгү окшоштуктар менен айырмачылыктарын салыштырып талдоого үйрµтүү.
Ошону менен бирге, кыргыз жана орус тилдериндеги ат атоочторду башка сµздµр менен айкаштырып колдонууда катачылыктарды кетирбµµгµ кµнүктүрүү. Алган билимин келечектеги кесибинде жана турмуш процессинде жайылтып колдонууга жеткирүү.
Слайд 4Маани берүүчү сµз түркүмдµрүнүн ичинен ат атооч жалпы мааниге ээ болгондугу,
ал эми кызматчы сµздµрдµн лексикалык µз алдынча мааниге жана синтаксистик-морфологиялык сапатка ээ болгондугу менен айырмаланып турат.
Синтаксистик-морфологиялык касиети боюнча ат атоочтор кыргыз жана орус тилдеринде зат атоочка жана сын атоочко жакындашып кетет.
Грамматиктер арасында ат атоочтор кептеги бир эле сµздү, тактап айтканда, зат атоочторду улам кайталоодон качуу үчүн колдонулган каражаттар катары каралат.
Слайд 5Сµздµрдү түркүмдµргµ бµлүүдµ байыркы доордогу (демек, б.д.ч. 215-143-жылдар) окумуштуулардын кµз караштары
бирдей болгон эмес. Байыркы греция окумуштууларынын ичинен ат атоочту биринчилерден болуп µзүнчµ сµз түркүмү катары алып чыккан Аристарх болгон. Ал сµздµрдү сегиз түркүмгµ ажыраткан: аталыш, этиш, атоочтук, артикль, ат атооч, жандооч, тактооч жана байламта.
:
Слайд 6Сµз түркүмдµрүн аныктоодо алардын синтаксистик ролу гана эмес, морфологиялык критерийлери, семантикасы
да эске алынган. Ошонун негизинде Аристархтын шакирти Дионисий ат атоочко: «белгилүү бир жакты кµрсµтүүчү аттын ордуна колдонулуучу сµздµр» деген аныктаманы берген.
Демек, тилде ат атооч эң байыркы убактардан тартып эле колдонулган. Бул анын колдонулууга ыңгайлуулугу менен байланыштуу. Ат атоочтун негизги мүнөздүү өзгөчөлүгү - маанисинин абстракттуулугу жана жалпылыгы. Ат атооч сөздөр башка сөз түркүмдөрүнүн ордуна колдонулат.
Ошондуктан, ат атоочтун сµз түркүм катары каралышында байыртан эле талаш маселелер анын семантикасынан гана эмес, байыркылыгынан да улам жаралып келген. В.В.Виноградов да µзүнүн эмгегинин ат атоочтордун категорияларына арналган главасын «грамматические пережитки местоимений как особой части речи в современном русском языке» деп атаган. Окумуштуулар ат атооч тууралуу талаш маселесинде үч гана нерсеге макул болушкан. Биринчиден, бул эч нерсени атабаган, бирок нерсени, белгини жана санды туюндуруучу сµздµр. Экинчиден, бардык тилдерге белгилүү болгон сµздµрдүн универсалдуу классы. Үчүнчүдµн, ат атооч – тил системасынын бирдиги, кептин функционалдык бирдиги.
.
Слайд 7Байыркы грек-рим грамматикасында колдонулган ат атооч сµздµр башка бир сµздүн ордун
алмаштыруучу сµз катары орус грамматикасында 19 кылымдын 40-жылдарынан баштап окумуштуулар Г.Павский, И.И.Давыдов, К.С.Аксаков, Пешковский, JI.B.Щерба тарабынан карала баштаган.
Местоименность - Ат атоочтук термини лингвистикага 1914-жылы А.М.Пешковский тарабынан киргизилип, бирок грамматикалык изилдµµлµрдµ кенен колдонулган эмес. Жогоруда аты аталган окумуштуулар да ат атооч аталыштан кийин колдонулгандыктан бул терминдин postnomen - кийин атоо деп атоо туура болот деген пикирин билдиришкен.
Слайд 8БИРОК, АТ АТООЧТУН БАРДЫГЫ ЭЛЕ КАНДАЙДЫР БИР СΜЗДҮН ОРДУНА КОЛДОНУЛА БЕРБЕЙТ.
МИСАЛЫ, СҮЙЛΜΜЧҮ МЕНЕН УГУУЧУНУ ТУЮНТКАН БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ ЖАКТАГЫ ЖАКТАМА АТ АТООЧТОР (МЕН –Я, СЕН – ТЫ) БАШКА АТТЫН ОРДУНА КОЛДОНУЛБАЙТ.
АЛ ЭМИ ҮЧҮНЧҮ ЖАКТАГЫ АТ АТООЧ (АЛ – ОН, ОНА, ОНО) ЖАКТЫН АТЫНЫН ГАНА ЭМЕС, НЕРСЕНИН, КУБУЛУШТУН, ОКУЯНЫН ДА АТЫНЫН ОРДУНА КОЛДОНУЛАТ.
УЧЕНИКИ УЕХАЛИ В ЛАГЕРЬ. ОНИ ПРОБУДУТ ТАМ ТРИ ДНЯ. – ОКУУЧУЛАР ЛАГЕРГЕ КЕТИШТИ. АЛАР АЛ ЖАКТА ҮЧ КҮН БОЛУШАТ.
Слайд 9Ат атоочтордун башка сөз түркүмдөрүнөн айырмаланып, µзүнө тиешелүү суроолору да жок.
Алар кайсы сөз түркүмүнүн ордуна колдонулса, ошол сөз түркүмүнүн суроосуна жооп берет жана ошол сөз түркүмүнүн грамматикалык категориялары менен өзгөрүүгө учурайт. Ат атоочтор башка сөз түркүмдөрүнөн негизинен лексикалык мааниси боюнча айырмаланат. Алар мааниси боюнча өзүнчө сөз түркүмү катары лексикалык фондунан бөлүнүп чыккан.
Ат атоочтордун морфологиялык өзгөчөлүгү катарында жөндөлгөндө, эки тилде тең алардын айрымдарынын уңгусунун өзгөрүп кетишин, тактап айтканда супплетивизм кубулушуна ээ болгондугун атоого болот. Мисалы: мен - я, менин - меня, мага - мне, мени – меня ж.б.
Салыштырылып жаткан эки тилде тең ат атоочтор мүчөнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалбайт. Татаал ат атоочтор гана сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалышына ээ.
Мисалы: алда кандай – какой-то, алда не, ар ким, кайсы бир, кимдир бирөө – кое-кто, кто-то, эч кандай – ни какой, эч ким- никто, эч качан – никогда ж.б.